![]() | Коомдук-саясый гезит Public-political newspaper | windows-98'ге кыргыз тамгасы | Компьютерди кыргызчалатабыз! Тел.: (0502) 500564 • janyzak@mail.ru №3, 01.06.05-ж. | Редакция | Архив | Меймансап | Kok_Nuru@inbox.ru | | ||||||||
Алланын аяттары өзгөрүлбөйт Бабалардын баскан жолун эстей жүр Байыркы ыйык китептерди терең изилдөө менен окусак падыша болобу, кул болобу, бай же кедей болобу дегеле адамзаттын не бир укмуш басып өткөн жолдорун, кыйынчылыктарын, жыргалчылыктарын, элине кылган жакшылыктарын же кыянаттыктарын, бирөөгө кылган кечиримдерин же кек алгандарын жана өткөн жашоолорун ачык сүрөттөйт. Мына ошол байыркы бабалардын басып өткөн жолдору биз үчүн кандайдыр бир азыркы жашообузга эскертүүбү же сабак калтыргандай. Эмесе ошол ыйык китептеги жазмалардан окуй кетсек. Ошол мезгилдерде Самарияны бийлеген Ахап аттуу падыша болгон. Изрейелде изрейелдик Набот деген адамдын жүзүмзары бар эле. Ошондо Ахап падыша Наботко "Жүзүмзарыңды мага бер, ал жерге мен жашылча өстүрөм, анткени ал менин үйүмө жакын. Анын ордуна мен сага андан да жакшы жүзүмзар берем. Эгер кааласаң, канча турса, ошончо күмүш берем" - деди. Бирок Набот Ахап падышага: "Ата-бабаларымдын мурасын сага берүүдөн Теңирим мени сактасын!" - деди. Ошондо Ахап изрейелдик Наботтун "Ата-бабаларымдын мурасын сага бербейм" деген сөзүнө көңүлү чөгүп, санаага батып, үйүнө келди да, төшөгүнө тескери карап жатып алды, тамак ичкен жок. Ошондо анын аялы Изебел кирип: "Эмнеге мынча көңүлүң чөктү? Эмнеге тамак ичпей койдуң?" - деп сурады. Ахап аялына мындай деди: "Изрейелдик Наботко: "Жүзүмзарыңды күмүшкө бер, кааласаң, анын ордуна башка жүзүмзар берем", - десем, ал мага: "Жүзүмзарымды сага бербейм", - деди. Ошондо аялы Изебел ага: "Сен ушундай кылсаң, Ысрайылда эмне деген падышачылык болот? Тур, тамак ич, кайгырба, мен сага изрейелдик Наботтун жүзүмзарын алып берем" - деди. Анан аялы Изебел Ахап падышанын атынан каттарды жазып, аларга анын мөөрүн басты да, ал каттарды Набот менен бир шаарда жашаган аксакалдарга жана атактуу кишилерге жиберди. Ал каттарга мындай деп жазды: Орозо жарыя кылып, Наботту элдин алдына отургузгула. Ал эми анын маңдайына эки жүздүү эки кишини отургузгула. "Сен Кудайга жана падышага акарат келтирдиң" деп, алар ага жалаа жабышсын. Анан аны алып чыгып, таш бараңга алып өлтүргүлө". Анын шаарында жашаган эркектер: аксакалдар, атактуу кишилер Изебел жиберген каттарда кандай жазылса, ошондой кылышты. Орозо жарыя кылып, Наботту элдин алдына отургузушту. Анан эки жүздүү эки киши чыгып, анын маңдайына отуруп, алар элдин алдында ага: "Набот Кудайга жана падышага акарат келтирди" - деп жалаа жабышты. Ошентип, Наботту шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга алып өлтүрүштү. Наботу таш бараңга алып өлтүрүшкөнүн Изебелге айттырып жиберишти. Изебел Наботтун өлүмүн укканда, Ахап падышага: "Тур, барып, изрейелдик Наботтун күмүшкө бергиси келбеген жүзүмзарын ээле, анткени Набот жок, ал өлдү", - деди. Ахап падыша аны укканда, ордунан турду да, анын жүзүмзарын ээлеп алганы жөнөдү. Ошондо Тишпилик Илияска Теңирден сөз болду: "Тур, барып, Самариядагы Ысрайыл падышасы Ахапка жолук. Ал азыр Наботтун жүзүмзарын ээлеп алганы келди. Ага мындай дегин: Теңир мындай дейт: "Өлтүргөнүң аз келгенсип, эми мурасын ээлеп алгың барбы?" Дагы мындай де: Теңир мындай дейт: "Наботтун канын иттер кайсы жерде жалашса, Сенин каныңды да ошол жерде жалашат". Ахап Илияска: "Душманым, мени таптың!" - деди. Илияс мындай деди: "Таптым, анткени сен Теңирге жакпаган иштерди кылууга дитиңди бердиң. Теңир мындай дейт: "Мен сага кара түн түшүрөм, артыңа тукум калтырбай, жер үстүнөн шыпырып таштайм. Ахаптын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, Ысрайылда калгандарын да жок кылам. Акарат келтирип, аялың Изебелдин сөзүнө кирип, Теңирге жакпаган иштерди кылып Мени каардантканың үчүн. Мына урматту окурман жогоруда айтылгандай биз бай болуп падыша болсок да, кээде ошол байлыгыбыз да, бийлигибиз да, көзүбүзгө аз көрүнүп же ошол көзүбүздүн жоосун алган нерсени албай калсак жашообуз бүтүп калчудай сезилсе, кээ бир учурда колубузда болгон байлыкка же бийликке ыраазы болбойбуз. Байыркы олуя жандар айткандай "Кудайсыз бийлик канкорлукка алып барат, Кудайсыз байлык ач көздүккө алып барат" деген сыңары, биз да кайсыл жерде, кайсыл элде, ким болбойлу ошол бабалардын сөздөрүн эске ала жүрсөк деген тилектебиз. Биз бул жогорудагы окуя менен бирөөнү соттоо үчүн же күнөөлөш үчүн эмес, бирок ошол ыйык жазмаларда жазылган ар бир сөздөр бекеринен жазылбаганын айткыбыс келет. Себеби ал ыйык жазмалар адамзатты өлүмгө эмес бирок өмүргө алып баруучу жол эмеспи. Анткени Кудай адамзаттын алсыздыгын эң жакшы билет жана бизге бул ыйык жазмаларды караңгыда чырак сыяктуу пайдаланыш үчүн калтырбады беле.
Кызыктар дүйнөсүнөн кымындай маалыматтар Грецияда эң жакшы оюнчулардын бири, Яка Лакович жылдын эң мыкты баскетболчусу деген наамга татыктуу болду. *** Польшада кыш айынын биринде өзгөчө майрам өткөрүлөт. Бул майрам "семиз бейшемби" деп аталат. Себеби, ушул майрамда кичинесинен чоңуна чейин май токочко тоюшат. Польшалыктар майрамга арналган майлуу токочту шаршемби күнү, таңкы саат 8де баштап, бейшембиде кечки 5те бүтүшөт. *** Европалыктар тиш жууган пастанын эң сонун түрүн ойлоп чыгарышты. Алардын айтышында бул паста эртең менен адамга сергектик берип, кечкисин болсо тынч уктап, жакшы эс алганга көмөк көрсөтөт. Кыргыз тили Мен силердин тилиңермин. Силер мени менен ырдап. Көңүл ачасыңа. Жүрөгүңөрдүн түпкүрүндөгү сырларды ачканыңарда, мага кайрыласыңар. Даанышмандыгыңар менен маданиятыңарды жана рухий нарк-насилиңерди башкаларга не бир сонун кылып жеткирген да менмин. Мен силердин созолонгон ырларыңар, кылым карыткан дастандарыңар, кара кылды как жарган накыл сөз, макал-лакаптарыңармын. Жаратканга таазим кылып, сыйынганыңарда, бата тилеп, алкыштаганыңарды, жада калса каргаганыңарды да көтөргөн менмин. Мен аркылуу сүйгөнүңөргө махабатыңарды айтасыңар, балаңарды эркелетип чоңойтосуңар. Дүйнөнү мени менен куруп, мени менен бузасыңар. Жеңсеңер да, жеңилсеңер да, муну мен аркылуу айтасыңар. Мен болбосом, жан-дүйнөңөрдөн эч нерсе чыкмак эмес. Мен кыргызчылык берметинин сакчылыгында турам. Мен силердин берген убадаңармын, ичкен касамыңармын, оозуңардан чыккан ар бир сөзүңөрмүн. Жаныңарды да, акылыңарды да сүйлөткөн менмин. Мен силердин ички дүйнөңөрмүн. Мен - силердин өзүңөрмүн. Менсиз бир дагы чет элдик силерди түшүнө да, биле да албайт. Силер менен мен бирмин. Мен болбосом, силер жетим баладайсыңар. Менсиз кыргыз кыргыз эмес. Эгер кимдир бирөө мени асмандан берилген эмес десе, анда силерди алдаганы. Эгер кимдир бирөө силерге Кудай жана периштелер мени түшүнбөйт десе, анда силерди келесоо дегени. Эгерде кимдир бирөө силерге мени башка элдердин тилинен кем десе, анда кубулжуган ырларыңарды, ойдун не деген кенчи катылган макал-лакаптарыңарды уккусу, мени түшүнгүсү да келбегени. Эгер кимдир бирөө зарлаганыңды, жандилиңден чыккан сыйынууну же болбосо Кудайга болгон алкышыңды башка бир тилде айтууга үйрөтсө, анда ал сени өзүнүн кулу, мени болсо тепсендиге калтыруунун аракетин көрүп жатат. Силер менен мен бирмин. Мен кыргыз тилимин. Мени Кудай өзү жаратып, анын өзүнөн келип чыккам. Мен Кудай үчүн жаралгам. Ошондуктан мен Кудайды гана даңкташым керек! |
|