![]() | Коомдук-саясый гезит Public-political newspaper | windows-98'ге кыргыз тамгасы | Компьютерди кыргызчалатабыз! Тел.: (0502) 500564 • janyzak@mail.ru №3, 01.06.05-ж. | Редакция | Архив | Меймансап | Kok_Nuru@inbox.ru | | ||||||||
Дини башка, дили бирге адамдар Ырыс алды ынтымак! Ынтымак тууралуу маектер. - Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз. - Мен Бусурманкулова Гүлзина, Ала-Тоо конушунан. - Ынтымак тууралуу ой бөлүшө кетсеңиз? - Кыргызда сөз бар эмеспи "Ырыс алды ынтымак", ынтымак болгон жерде бардык нерсе болот. Уруш-талаш, ынтымак жок жерде кыргызча айтканда келген бакыт да качат дейт. Элибизде ынтымак болсо, мына депутаттарды шайлоого карата ар кандай келишпестиктер болуп атпайбы, ушунун баарын ынтымак менен чечишсе жакшы эле болмок. Ортодо канча тополоң чыгып кетти. Канча окуялар болуп кетти. Ушулардын баары элге терс таасирин тийгизет да. Ал эми үйдөгү ынтымак болсо, жашоо-турмушта ынтымак болуп, урушпай-талашпай чечсек, бардык нерсе эле өз ордунда чечилет го. - Кантип ынтымактуу жашай алабыз? - Элдер өздөрү эле ойлонуш керек. Түндүк-түштүк деп бөлүнбөш керек. Колунан келген, иштин көзүн билген кишилерди, эл үчүн иштеген адамды шайлаш керек. Бир чети түшүнүш керек. Куру намыс, куру кыйкырыктарга алдыра бербеш керек. - Кыргыз элине өзүңүздүн каалооңузду айтып койсоңуз. - Эң негизги алдыда турган президенттик шайлоо элдин көкүрөгүн өйүп жатат. Шайлоону таза, ойлонуп, ынтымак менен элдин турмушун оңдой турган президентти шайлап алсак. Кыргыз элине эң чоң жеңиш болмок. Андан сырткары элибизге тынчтык болсун, жакшылык болсун, жетишкендик, эл аман эл ичинде биз аман бололу. Маектешкениңиз үчүн чоң рахмат, үй бүлөөңүзгө ынтымак каалайбыз - Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз? - Мен Тажибаев Рахмидин. Восток 5 теги ак мечитте иштейм. Ошол биздин негизги милдетибиз Аллага кызмат кылгандарды, Аллага ыймандуулукка чакыруу. - Кыргыз элинде сөз бар эмеспи "ырыс алды ынтымак" деген, ушул жөнүндө кыскача айта кетсеңиз? - Ыйык Кураныбызда Алла Талаа өз сөзүндө мындай баяндайт. Бүткүл ааламда Аллага ыйман келтиргендердин баары бир туугандар. Биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз айткан, эгерде бир адамдын башы ооруса анын бүт денеси да ооруйт дейт, мына ошондой мусулмандар дагы бир денедей болушу керек. Ошондуктан, биз кайсы жагынан болбосун, дин жагынан кемчилиги болобу, дүнүйө жагынан кемчилиги болобу албетте, биз алыбыздын келишинче ага жардам берүү. - Дегеле ынтымакты сиз кандай түшүнөсүз ошого кененирээк токтоло кетсеңиз? - Ынтымак деген бул кандай мамиледе болбосун баарын бирдей тутуу, баарын бирдей көрүү экен да. Ынтымактын негизги башаты бул ыймандуулуктан башталат да. Алланын айткан өкүмдөрүндө болсо, Мухаммед кандай динди алып келсе ошол динде болуш керек. Себеби инсан, ошол инсандын ыйманы болсо башкаларга жакшылык каалап, башкаларга жакшы жол баштаган, эгерде ыйман болбосо эч кандай ынтымак болбойт. Ынтымак бардык жакта ошол ыймандан келип чыгат. Ошол себептен бул ыйманда болуу жеке эле кыргыз элинде эмес, бүткүл элдер кандай улут болбосун Мухаммед деп ыйман келтирген болсо, албетте бул бардыгы бир тууган, бардык ушул бири-биринин акылын, бири-биринин мамилесин сактоо керек да. - Улуттар арасындагы ынтымакты кантип сактаса болот? - Мына биздин пайгамбарыбыз айткан экен: чыныгы мусулман болсоңор бирөөлөргө зыян келтирбегиле. Ошол чыныгы мусулман ким дегенде колдон да, тилден да бирөөгө зыян келтирбөө экен. - Кыргыз элине кандай каалоо тилегиңиз бар? - Бүткүл Аллага кызмат кылган момун мусулмандардын ыйманын бекем кылсын. Алла ыраазы боло турган абалдарга буюрсун, элибизге толук дин, толук ыйман, бейпилдик. - Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз. - Менин атым Василий Васильевич. "Бейт-Иешуа" коомунан болом. - Ынтымак тууралуу өз оюңузду бөлүшө кетсеңиз? - Ынтымак бул күч, эң башкысы ошол күч экен. Эгерде бир ойдо болсоң, бир иш аракетте болсоң, бирок мунун бардыгы сыйынуу аркылуу келет. Бир ойдо сыйынсак бир рухта болобуз, ошондо биз жөн гана бири-бирибиз мене гана бир болбостон, Кудай менен бир ойдо болобуз. Ошондо Кудайдан жардам келет, Иса айтат: "Мен атам менен бир болгондой, силер да бир болгула"! - деген. - Улуттар арасындагы биримдик, ынтымакты кантип сактаса болот? - Жакшы кабар айтуу аркылуу же Кудайды таанып билүү, бул биримдик. Башка бизди эч нерсе бириктире албайт. Жакшы кабар бардык элдерди бириктирет, ошол үчүн Кудай Теңир келген. Куткаруу аркылуу элдерди бириктириш үчүн Ыйса Теңир келген. - Ынтымактын руханий мааниси эмнеде деп ойлойсуз? - Биз качан Кудай менен бир болгондо гана, ошондо бири-бирибиз менен биримдикте боло алабыз. Ошондо руханий ынтымак, биримдик келет. Бардык нерсе Кудай аркылуу, Кудай менен, ошондо бири-бирибизди түшүнүшө алабыз. - Сиздин Кыргыз элине айта кетчү каалоо тилегиңиз? - Мен каалайм чынында эле Кыргыз эли бир ынтымакка келе алса. Анткени ынтымак мен башында айткандай, бул күч экен, ынтымак аркылуу мамлекет гүлдөйт, бул биримдик качан келет экен. Качан гана Кыргыз эли өз Кудайынын алдында тизе бүгүп, өз күнөөлөрүнөн баш тартса. Менин жүрөгүмдүн каалоосу кыргыз элинин Кудайга келиши. Күнөөлөрүнөн баш тартуу аркылуу, куткарууну кабыл алса. Ошондо гана ынтымак күчүндө болот. Башка кандай гана партия түзүлбөсүн, кандай гана башка окутуулар болбосун, ынтымак болбойт, уруш-талаш келишпестик, бөлүнүүлөр боло берет. Бирок качан Теңирди таанып билгенде гана ынтымак болот. Башкача ынтымак болушу мүмкүн эмес. - Өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз? - Менин атым Дастан. Мен Теңир жыйынынан болом. - Ынтымак жөнүндө өзүңдүн ой-пикирлериңизди айтып берсеңиз? - Ынтымак жөнүндө айтсам, негизинде сөз бар го "Ырыс алды ынтымак" - деген. Ынтымак болсо сүйүү жана тынчтык болот. Иса Теңир айткан: "Эгерде силер бири-бириңерди сүйсөңөр, мен силердин ортоңордо болом" - деп. Ынтымак болуш үчүн биз биринчи Кудайыбыз менен биримдикте болуш керек. Биз качан руханий жактан Кудай менен элдешип, Кудайдын сүйүүсүн кабыл алганда, биз адамдарды сүйө алабыз. Ошондо бизге ынтымак келет. Кудай сөзүндө: "Кудай Теңириңди бүт жүрөгүң менен жан дилиң менен сүй. Өз жакыныңды, өзүңдү сүйгөндөй сүй" - деген осуятты аткарсак ынтымак келет. - Бардык улуттар арасында ынтымакты кантип түзсө болот? - Мен ойлойм Кудайсыз бул ынтымакты түзө албайбыз. Бир гана Машаяк аркылуу ынтымак түзө алабыз. Теңирибиз Иса Машаяк гана биримдик алып келет адамдар арасында жана дегеле бүт дүйнө жүзүнө. - Кыргыз элине айта кетчү каалооңуз? - Кыргыз элиме ынтымак болсун, жерибизде тынчтык өкүм сүрсүн, молчулук, токчулук жана экономикабыз көтөрүлсүн. Эл шайлаган президент эл камын ойлогон, Кудайдан коркуп, эл үчүн кам көргөн болсо деген тилегим бар жана элибиздин жүрөгү ачылып Кудай Теңирибиз Иса Машаякты таанып калса деген үмүтүм бар. - Маектешкениңиз үчүн чоң рахмат. Сизди да чоң-чоң жетишкендиктердин күбөсү боло бериңиз деп каалоо айтмакчымын. Маектешкен Гульмира Байбосунова. Эл бирдиги Ынтымак, Анткени Машаяк биздин тынчтыгыбыз. Ал экөөнөн бирди жаратып, аларды бөлүп туруучу тосмону талкалады. |
|