Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564janyzak@mail.ru

№3, 01.06.05-ж.РедакцияАрхив Меймансап Kok_Nuru@inbox.ru


з
  Тарых

Турусбек Мадылбай

Сака Кыргыздардын тарыхы

(башы өткөн санда)

7. Кайфен - Булар б. д. ч. Кытайдагы жөөттөр коомунун эң чоңу катары белгилүү. Жапандардын арасында дагы Исраилдин жоголгон он уруусунан кишилер бар экенин айрым жапан жазуучулары далилдегенге аракет кылат. (к. Аримаса Кубо. Исраилдиктер Байыркы Жапанга келген; Рабби Марвин Токайер. Нихон-Йудайа, Хууин но Кодайши ж. б.). Тарыхчы Шарон Төрнер бул элдерден тышкары саксондорду ошол сактардан тараган десе, айрым изилдөөчүлөр Грузиядагы жана Испаниядагы иберлерди, ирландиялыктарды (алардын өлкөсү мурун Иберния аталчы) дагы еврейлердин (Исраил үйүнүн) жоголгон он уруусунан дейт. "Англосаксондордун тарыхы" деген үч томдук изилдөөсүндө Ш.Төрнер мындай деп жазат: "Сака-суна же болбосо Саканын уулдары Сак-сун деп кыскарган, ал болсо Саксон дегендей эле угулат".

САКА КЫРГЫЗДАР
Демек, сактар (Исраилдин он уулу) түндүккө да, чыгышка да, батышка да - дүйнөнүн бүт бурч-булуңуна тараган. Андай болсо, тарыхта да, эл оозунда да айтылып жүргөн "сака-кыргыз" деген сөздүн мааниси өтө терең, ал барып байыркы сактар, алар аркылуу Исраил өлкөсүнүн тарыхына такалат. Буга далилдер азырынча, албетте, аз, бирок ошентсе да тарыхты, анын ичинде сак доорун башка өңүттөн караган илимпоз үчүн бул жагдай эң кызык. Мен ошол сак урууларынын, Исраилдин он уулунун тарыхтарын изилдөөчү катары бир нече байкоолорумду айта кетейин.
Эң алгач кыргыздардын "сака" аталышы жөнүндө. Жогоруда айтылгандай, айрым жазуучу, тарыхчылар аны кадимки эле чүкөдөгү сакадан улам тараган дейт. Бирок бул ой көркөм адабиятта айтылса, балким жарашат, бирок муну илимий көз караш деп айтууга болбойт. Ага бирден бир себеп - кыргыздар дайыма эле азыркы түрк тилдер тобуна кирген кыргыз тилинде сүйлөй берген эмес. Кыргыздар сак доорунда Иран тилдер тобуна окшош сак тилинде сүйлөп, маздаясна динин туткан. Ошондуктан улам, менимче чындыкка жакыныраагы - кыргыз улутунун түзүлүшүнө байыркы сактардын компоненттери да кирген, демек, тарыхый илимде "сак", "сака" деген түрдүү айтылып жүргөн аттары көп элдердегидей кыргыз эллине дагы өз таасирин тийгизген. Мисалы, б. д. ч. VI-кылымда парс падышасы Дару I Бехистун аскасындагы жазмасында мындай деген: "Ахурамазданын буйругу менен төмөндөгү өлкөлөр менин кол алдыма тийди, мен аларга падыша болдум: Парс, Элам, Бабилония, Ассирия, Аравия, Миср, Лидия, Иония, Мидия, Армения, Каппадокия, Парфия, Дрангиана, Арейа, Хорезм, Бактрия, Согдиана, Гандара, Сака, Саттагидия, Арахозия, Мака, жалпысынан 23 өлкө". Демек, ошол кезде эле "сака" деген ат бар болчу, кийинчерээк сактар, уйсундар жана түрк элдеринин аралашмасынан улам кыргыз улуту түзүлгөндүктөн ага "кыргыз" деген ат кошулган. Ошентип азыркы кыргыздар "сака-кыргыз" атыгып калган. Бүгүнкү күнгө чейин Исраилдиктер өздөрүн "сака" атаганын эске алсак, анда бул эки окшош аттын түпкүлүгү кайдан чыккан деген суроо туулат.
С. В. Серам өзүнүн "Археологиянын өнүгүшү" аттуу китебинде Ассириялыктар Исраилдиктерди "хумри" деп аташчы дейт. Ал "Омринин үйү" дегенди билдирет, Бабилондуктар кийинчерээк аны өз тилине ыңгайлаштырып "кимири" деп алышкан. Ошентип "хумри" же "кимири" Омринин үйү дегенди билдирсе, "сака" деген ат "Исактын үйү" дегенди түшүндүрөт. Бехистун аскасындагы жазмалардын котормочусу Сэр Генри Роолинсон мындай дейт: "Ассирия менен Мидия аралыгында б. д. ч. Жетинчи кылымда пайда болгон ГИМИРИ, же Кимерийлер жана Бехистун аскасында эки кылым кийинчерээк жазылып калган САКАЛАР Самариянын Бес-Кумриси, же Исраил Үйүнүн Он Уруусу деген көз карашка бизде толук негиз бар…". Ушул ойго токтолсок, байыркы "хумри", кимири", "сака" деген аттардын бардыгы бир эле элге таандык экенин көрөбүз.
Андан нары кыргыздардын тээ алыстагы Исраил, Ассирия, Бабилондорго кандай тиешеси бар деген суроо жаралат. Тоголок Молдо "Тарых, Түпкү аталар" деген санжырада жазганына караганда: "Ныл дарыясынын боюн жердеген көчмөндүү калың Кыргыз болгон. Алардын уругун сит деп атаган (сайах), демек, ар дайым аңчылык, жаңы журтка күн сайын которулуп көчүп жана жортуулда жүрүүчүлүк аркасында сайах деп койгон". Андай болсо, биз бул санжырадан жалаң гана байыркы кыргыздардын Нил дарыясынын боюнда жашагандыгы тууралуу билбестен, ал жакта алар сит же сайах деп аталганынан дагы кабар алабыз. Ким билет, билким, ошондон улам азыркы учурда дагы саяктарды кыргыздардын эврейлери дегени бекеринен эместир. Себеби Тоголок Молдо андан ары Байыш баатырдын баянын айтып келип, анын: "Менин бир арманым, сырт жерине барып ордо курган канн, бектердин алдынан катын алып, тукумумду боору сары жерге таратсам, жана жалпы менден тараган уругумдун наамын сайахка айландыруу милдетим", - деген сөздөрүн келтирет.
Байыркы сака-кыргыздар антропологиялык жактан карасак дагы, кыргыздардын түпкү компоненти болгон сактар Европа расасына киргендигин байкайбыз. Көрүнүктүү антрополог Г. Ф. Дебец жазгандай: "Кыргызстандын бизге белгилүү байыркы антропологиялык түрү - сак доорундагы калктын түрү - Европа өңүндөгү белгилеринин басымдуулугу менен мүнөздөлөт".
Андан кийин сактардын жазмасына көңүл бурсак, ал дагы өз тарыхын байыркы арамей жазмасынан баштайт. 1970-жылы Ысыкта табылган көрүстөндөн башка буюмдар менен бирге күмүш кесе табылган. Анда сактардын тамгасы менен эки катар 25-28 тамгадан турган сөздөр жазылган. Жазма адистердин кызыкчылыгын дароо эле туудурганы - андагы тамгалардын кеминде үчөө байыркы түрктөрдүн рун жазмасындагы тамгаларга окшойт. Ал эми түрк рундары түпкүлүгү арамей жазмасы менен тыгыз байланышта экенин В. Томсендин илгери эле жазганы бар. Бул көз карашты өз учурунда О. Доннер менен Р. Готье, кийинчерээк С. В. Киселев, акыркы маалда С. Г. Кляшторный, В. А. Лившиц, А. М. Щербак, А. Н. Кононов ж. б. колдогон.




ЖАКЫП менен МАНАС,
ИАКОВ менен МАНАССИ

Дагы бир айта кетүүчү нерсе: кыргыз тарыхы көркөм чыгармалар аркылуу (мисалы, эпостор) өзүнүн узак сапарындагы орчундуу мезгилдерин дагы чагылдыра кеткен, ошондуктан аларды (эпосторду) жалаң гана эч далили жок жомок катары кароого болбойт. Тактап айтканда, байыркы эпостор куру жерден жаралып, элдин дүйнөгө көз карашын гана көрсөткөн чыгармалар эмес, алар элдин ар кыл мезгилиндеги тарыхый окуяларын чагылдырган жылнамасы болгон. Эпостордун бул жагдайы тууралуу З. Н. Волкова дагы өзүнүн "Франциянын эпосу" аттуу китебинде жазган: "Эпосто тарыхый инсандардын эле эмес, ар кыл кылымга таандык окуялардын дагы "болушу" эпикалык баяндаманын кадыресе өзгөчөлүктөрүнүн бири. Адаттагыдай, дастандарда баяндалган окуяларга салыштырмалуу мурун болгон, кээде кийинчерээк болгон маалыматтар (реалийлер) дагы орун алат". Дал ушул себептен мен бул эмгегимде илгерки дастандарга (эпосторго) дагы кайрылууну эп көрдүм. Сөзгө аралжы, илимпоздор акыркы маалда, өзгөчө "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөдөн кийин, жалпы эле кыргыз эпосторун, кыргыздардын тарыхы сыяктуу, бир топ багытта изилдей башташты. Азыркы учурда кыргыздардын тарыхы менен эпосторун изилдөөдө мурунку Алтай, Орто Азия багыттарына бүгүн сактар, кыпчактар багыттары кошулду. Бул, албетте, жакшы жөрөлгө: элдин тарыхы канчалык байыркы, канчалык бай, канчалык кызыктуу болсо, анын көлөкөсүндө ошончолук элдин тарыхы кошо жүрөт.
Көпчүлүк кыргыз илимпоздору Манас эпосу бир гана баатырдын каармандыгын даңазалаган чыгарма эмес, көптөгөн батыр, падыша, олуялардын тарыхы деп билет. Эпос ар кылымда болгон тарыхый окуялар, ар кылымда жашаган адамдардын аттарын камтыйт. Бирок бардык окуялар, адамдардын ысмы, тагдырлары дал ошол Манастын тегерегинде өтөт. Демек, эпостун өзөгүн түзгөн байыркы Манас аттуу карман болгон, ал эми калган баатырлардын, падышалар, жөнөкөй адамдардын жоруктары кийинчерээк эпоско тиркелип кошула берген болушу керек. Ошондуктан алгач эпостун өзөгүн түзгөн Манас баатырдын тарыхына токтололу.
Ириде эле каармандын аты жөнүндө. "Манас" деген ат кайдан чыккан? Ал ат эмнени билдирет? Бул тууралу дагы көптөгөн талаш-тартыштар бар: бири баатырдын аты Индустанда, Кытайда ж. б. жерлердеги дарыянын же шаардын Манас деген атынан коюлган десе, экинчилери Мухаммед, Али, Ноо, Абубакир, Сулайман пайгамбар жана калпалардын биринчи тамгаларынан куралган дешет. Бирок чындыкка жакыныраагы - Манастын өз аты дагы, атасынын Жакып деген аты дагы туура келген Тоораттагы Йаковдун уулу Манасси десек болот. Себеби бир ат окшошконун кокустук десек дагы, эки ат тең окшошконунда аны тана албайбыз. Мындан тышкары, жалаң эле алардын аттары окшошпостон, башка дагы көп окуялары окшошуп кетип жатпайбы. Мисалы, эпостогу Жакып дагы, Тоораттагы Йаков дагы башка элдин жеринде жүрүп, бирок ошол жакта байып кетишкен; экөө тең карыганча баласыз болушкан; экөө тең Баланы Кудайдан тилеген; Кудай экөөнө тең Баланы түшүндө убада кылган; экөө тең уулдары коңшу жашаган бутпарастарды талкалаганда, нааразы болушкан ж. б.
Эпостогу Манас менен Тоораттагы Манассинин ортосунда дагы окшоштугу арбын. Биринчисинен эле, жогоруда айтылгандай, эпос боюнча Манас Жакыптын уулу болсо, Тооратта дагы Манасси Йаковдун уулу. Андан кийин эпостогу Манас менен Тоораттагы Манассинин ортосундагы окшоштуктар түз жана кыйырынан дилилдерге толо. Түз далилдеринен: экөө тең бөтөн жерде туулат; экөөнүн тең улуу боло турганын бала кезинен эле башкалар билет; экөөнүн тең аталары кудайга түлөө өткөрөт ж. б. Кыйыр далилдеринен: Манастын дагы, Манассинин дагы аталары уулдары коңшу жашаган бутпарастарды талкалаганда, нааразы болушат; экөө тең өз элдерин улуу эл кылышат ж. б.
Жакып менен Манас, Йаков менен Манассиден тышкары эпостун жана жалпы эле Библиянын (анын ичинде Тоорат, Забур, Инжил бар) ортосунда мындан тышкары дагы окшоштуктар көп. Алардын ичинде, мисалы Ороздунун он уулу көп айтылат.
    Ороздунун он уулу,
    Ону атадан жаш калып,
    Акыл толбой мас калып,
    Каптап келген көп калмак
    Дүйнөсүн талап алыптыр.
    Муну менен ал балдар
    Талаада боздоп калыптыр.
Балким, ошол Ороздунун он уулу тууралу уламыш илгерки Исраилдин туш тарапка тараган он уулунан калган элестир. Анын үстүнө "Манас" эпосунда дагы кыргыздар (байыркы сактардын урпактары, сака-кыргыздар):
    Бирөө тентип Алтайга,
    Бирөө тентип Каңгайга,
    Бирөө тентип Эренге,
    Бирөө түшүп кетти тереңге.
    Кең Кашкардын ар жагы,
    Кебез тоонун бер жагы,
    Бирөө ошол жерди жай кылды,
    Таман тиреп туралбай,
    Тизгин, чылбыр жыя албай,
    Курган журт бет-бетинен каңгыды, -
деп баяндалат. Ошол Ороздунун он уулу жөн эле бир атанын балдары эмес, өзүнчө бир уруунун аты. Ал жөнүндө белгилүү кыргыз лингвисти Б. О. Орузбаева минтип жазат: "…Орозду, же Ороз (Манастын чоң атасы, андан кийин гана Ороздунун он уулу - уруунун аты)".
Мындан тышкары "Манастагы" көп окуялардын Библиядагы окуяларга окшоштугу бар. Мисалы айтсак, Манас Дөөтү (Даут,Давид) пайгамбар сыяктуу эле кой баккан, ал Жусуп (Юсуп,Йосиф) пайгамбар сыяктуу эле жетектеген, ал Самсондой болуп тилеген,Иса (Иисус) пайгамбардын төрөөлөрүнө чейин көзү ачык аялдардан бутпарас падышалар билгендей эле, анын (Манас) төрөлөөрү жөнүндө дагы Эсен-канга угулат,ал Муса (Моисей) пайгамбардай болуп өз элин бөтөн жерден өз Мекенинен ээрчитип кетет ж.б.
Акырында жыйынтыктасак, биз кыргыздардын тарыхы, алардын "Манас" эпосунун көп окуялары Исраилдиктердин тарыхы Библия менен окшошуп кетерин көрдүк. Албетте, бир нерсени так айтып кетсе болот; мурун кыргыздар Энесай же Орто Азиядан таралгандыгы тууралу гана айтылса, эми дагы бир багыт ачылды. Ал багыт, албетте, бүгүнкү күнгө чейин терең изилдене элек. Ага көп себептер болду. Ошондой себептердин бири: Орус империясы же Совет доорунда кыргыздардын тарыхы тууралу бир беткей, орустардын колонизаторлук саясатына ылайык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Кыргызстанда табылган тарыхый археогиялык маалматтар кыргыздардын көчмөндүгүн, алардын саясий экономикалык, маданий экономика жактан арта калгандыгын, улуу орус элинин цивилизаторлук ордун далилдеген өңүттө гана тандалган. Бирок канча бекитпесин, ар жерде табылган археогиялык, маданий, архитектуралык эстеликтер кыргыздардан тарыхы бай, байыркы эл экенин көрсөтүп жатат. Мына эми биздин ошол табылгалардын ачык айкын айтып,кыргыз тарыхын тереңирээк изилдеп алууга мүнкүнчүлүгүбүз бар. Ошондуктан кыргыз улутун түзгөн эң бир мерчемдүү компонентин - сактар компонентин,- алардын кыргыз тарыхындагы ордун изилдөө өзүнчө бир кызыктуу да, маанилүү иш.
Албетте, мен бир макаламда кыргыз менен исраилдиктердин ортосундагы тарыхый-этникалык байланышын толук чагылдырып бере албайм, бирок өзүмдүн көркөм чыгармаларымда ал байланыш тууралуу жөнүндө көп жаздым. Анын себеби менин мекеним байыркы Кетмен-Төбөдө (азыркы Токтогул районунда) Токтогул суу сактагычын кураардан мурун изилдөөлөрдүн натыйжасында сактарга тиешелүү миңдеген буюмдук, этнографиялык табылгалар болду. Ошого байланыштуу мен бир нече тарыхый романдарды ("Зарина", "Кудайлар менен падышалар", "Кикнус" ж.б.) жазып, илимий далилдерге таянып, сака-кыргыздар менен сака-исраилдиктердин ортосундагы байыркы этникалык байланышты чагылдырууга ниеттендим. Эми кыргыздардын тарыхын бул багытта тереңдетүү - менин жакынкы милдеттеримдин бири.



  
Биерди бассањыз Кыргыз гезиттеринин айылына барасыз..
Биерден сиз 'Агым' айылына барасыз..

"Агымдын"
жаңы саны:




Биерден сиз 'Бишкек таймс' айылына барасыз..

"Бишкек таймстын"
жаңы саны:




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт создан в системе uCoz