![]() | Коомдук-саясый гезит Public-political newspaper | windows-98'ге кыргыз тамгасы | Компьютерди кыргызчалатабыз! Тел.: (0502) 500564 • janyzak@mail.ru №3, 01.06.05-ж. | Редакция | Архив | Меймансап | Kok_Nuru@inbox.ru | | ||||||||
Насаат ырлары Элибиздин нускалуу сөзүндө: "акын өлсө да сөзү өлбөйт" - деген лакап бар эмеспи. Оомал - төкмөл заманыбыздын тушунда, турмуштун азоолугуна моюн бербей, аны ооздуктап, бел байлап кайраттанып калем алып, жүрөк сыясына малып, жумурай журтка боор тарткан акын инсадарыбыз арабызда аз эмес экен. Кайгысы жок жүрөктөн каалагандай ыр чыкпайт. Акын ырын өзү үчүн эмес эли үчүн жазат тура. Төмөндөгү ыр, ташталган кароосуз калган кыргызыбыздын карылары жөнүндө баяндалат. Аттиң жыгылбаган туяк ооздон жазбаган пенде жок эмеспи, балким бул ыр комуз кылын терип чертип, муңдуу күүгө айланып кароосуз калган карылардын уул - кыздарынын тээп чыгып түмөн ойго салаар. Кайран эл десең, жолоочу өтсө алдынан тосуп үйгө кайрып даам таттырган, бейтааныш келсе коерго ашын таппаган, улуу келсе ийилип салам берген, жыгылганды жөлөгөн, чачылганды жыйнаган, кары жашты кадырлаган кичи пейил кыргызымдын тарыхында болуп көрбөгөн окуя бүгүнкү күндө карылар үйүн ачып отурат.
Амалсыз ит кордуктан жүрүп таткан, Көргөндө кемпир чалды чыдай албай, Күйүп кетем, бышам күйүп ыйлагандан. Карылардын калаадагы жатагына, Бир күнү жолум түшүп барганымда. Ооруп жаным күйүп кыйналгандан, Өкүндүм өмүр бою барганыма. Карылар үйлөрүндө жатат экен, Кемпир чал уул кыздары таштап кеткен Ошолордун байкап көрсөм көбү кыргыз, Жалгыздык тартып жаткан көрүп азап. Көргөндө чыдабастан кемпир чалды, Муң баскан кабактарын жүрөк талды. Күйүнүп азис жандар кор болгондой Уул кыздын ошончолук несин алды. Дедим да намыс кысып тилдедим кеп, Апасын таштап кеткен уул кызды көп, Ары жок, намысы жок деген ой менен, Бош жүргөн каны безер адамсың деп. Ой менен канча тилдеп айтсам дагы, Коңүлүмдөн таш түйүн таркабады. Үйүнөн карылар кайтсаң дагы, Өкүнүч бойду алган басылбады. Капырай деймин уул-кыз ата-апаң, Кеткениң карабастан жарашабы. Кеткенче жер каратып кемпир чалды, Өлгөнүң жакшы эмеспи ай талаада. Картайып олтурганда шылтоо айтып, Энеси атасы менен таштап кеткен. Уул кыздар өмүр бою деймин кантип, Жүрөт ай жерди басып кара бетчен. Не жазды апа ата өзүң көрчү, Уул да, кыз да жөнгө келчи. Үзгөндөй ата эне бар үмүтүн, Күн алдында кандай деймин жооп берчи. Уул кыздар кажылашпай туура жолдо, Кайрадан тирүүлүктө жүрсө деймин. Болбосо кемпир чалдар ыйлап өтөт, Дегендей ой максатты айткым келди. Казак акыны Шалкар Абыш уулунун ырынан кыргызчага которгон Анаркүл Имерова. Учкул сөздөр Бир туугандарыбызды, аялыбызды, атабызды сүйгөнүбүз менен, жан кыйналганда ар дайым оозубузга биринчи энебиз келет. (Н. А. Некрасов) Аял башка кыйынчылык түшкөндө тоодой арка, жүрөктө сүйүү оту жанганда - мыкты сезимдердин энеси (М. Горький) Мээрими чексиз, бүт дүйнөнү ак сүтүн эмизип асыраган эне аттуу аялга даңк! Адамды жашаткан күндүн нуру менен эненин сүтү - өмүрдүн өзөгүн түзөт. (М. Горький) Энеси бакан бала - эптүү Атасы бакан бала - эстүү (Вьетнам) Ата-эне балдарын бапестеп, өтө эле мээримдүүлүк менен сылап-сыйпай берип, көпчүлүк учурда бузуп алышат. Үйрүлүп түшпөй, токтоолук менен тарбиялаган балдар, адептүү болуп чыгат. Аталык мээрим деп ошондой болууга тийиш. (Д. Дидро) Мен үчүн аялдын эки гана түрү маалым; биринчиси бизди азапка салса, экинчиси биздин азабыбызды тартат. Биздин азабыбызды тарткандардан мен бирөөнү гана билем. Ал менин энем. (Эзоп) Биздин балдар биздин келечегибиз. Туура тарбия берсек - биздин бактылуу карылыгыбыз. Жаман тарбияласак ал биздин шорубуз, көз жашыбыз, башка адамдардын, бүткүл өлкөнүн алдында биздин кечирилгиз күнөөбүз. (А.С. Макаренко) Карысы бар үй - Казынасы бар үй. (Кытай эл) Баланын билеги ооруса, элинин жүрөгү ооруйт. (Орус эл) Эненин каргышы алкыш (Осетин эл) Карганын баласы энесине аппак (Туба эл) Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар (Уйгур эл) Ата-энеңе кылганды балдарыңан көрөсүң! (Сократ) Атадан жакшы туулса Эшиктен төргө сүйрөөр Атадан жаман туулса Төрдөн көргө сүйрөөр Атадан жакшы туулса Элинин камын жээр Атадан жаман туулса Элинин малын жээр Жакшы кыз жакадагы кундуз Жакшы уул көктөгү жылдыз Ата - аскалуу ТОО Апа - боорундагы булак Бала - экөөнө шам чырак (Казак эл). Насаат ыр Кубаныч болсун десең, куш келип консун десең Кудайдын осуятын жүрөккө түйүп алгын Күлүктөн күлүк чыгат, күйүттөн бүлүк чыгат Кадырлап Кудай сөзүн, ишенип сүйүп алгын Кудайым берет бата, укумдап тукумдагын Куш болуп келсе бакыт, кармап кал учурбагын Кеңешип кескен бармак, оорубайт деген тура Кечирим улук нерсе, кек сактап бузулбагын Кырсыктар кайдан келет? Кайгыга эмне себеп Караны акка кошпой, калыс бол дайым элеп Караңгы сокур кылат, жары Нур акыл сунат Кайгың түн, Жарыгың күн, тандагын эмне керек. Казына тапкың келсе, Кудайды кадырлагын Карагын жердин бетин, тоо ойдун адырларын Канча эсе кымбат турат, алтындан акыл деген Касыңды жеңем десең, чыдагын сабырлагын Кубаныч тынчтык үчүн, ачууга алдырбастан Кудайдын батасына бай болуп тамырлагын. Бурул Шамырканова Ыраазы бол Адамдарбыз бүгүн конок эртең кеткен, Өмүрүбүз шамалга окшош, желип өткөн. Жакыныңды бүгүн баалап жашабасаң, Эртеңки күн, өткүн сымал заматта өткөн. Кечирим бер, ачууң менен күн батпасын, Кечир мейли, кандай ачуу сөз айтпасын. Сүйүүңдү бер, аябастан жылмайууңду, Абийир деген ашкерелеп айтат баарын. Жашагын ар күн менен ырахаттан, Жараткан улуу күндү берди сага. Бардыгы өзүңдөн көз каранды, Кубанычпы ушул күнүң, же туурабы ачуу жаштан. Ыраазы бол сүйлөп, ырдап, басканыңа, Сүйүнгүнүң бейпил түндө, тынч уйкуда жатканыңа. Бүгүнкү күн эң сонун күн баары болот, Жаңы башта, ушул күнү эшигиңди ачканыңда. Биз адамбыз, бир эле Биз адамбыз, сары, ак же карабыз Жашайбыз биз жакын-алыс арабыз. Адам-ата Обо энеден таралып, Жараткан ким? Ошол жакка барабыз. Бөлүнөбүз бөлөк дейбиз жерибиз, Бир гана жер, бир гана аба демибиз. Билген-акыл, билбегенди жакыр дейт, Баарыбыз тең, бир Кудайдын элибиз. Качан бизде бөлүнүүлөр жок болот, Калпычыга Кудай өзү сот болот. Кудай келсе жүрөгүңө Рух болуп, Денедеги бөлүнүүлөр токтолот. Бул дүйнөгө бийлик кылып жинибиз, Бөлөк дейбиз, улутубуз тилибиз. Тилди, динди бөлүп-жарып не керек, Кудай үчүн кымбат биздин дилибиз. Адам ата топурактан жаралып, Күнөө аркылуу ал Кудайдан бөлүндү. Кудай Теңир келди рухтан Асмандан, Ырайымдуу белек кылат өмүрдү. Кудай менен биз баарыбыз бирдейбиз, Кудайсыздан бачым эле кирдейбиз. Бөлүнгөндү бөрү жейт - деп жакшы айтып, Бирок Сөздүн маанисин не билбейбиз. Денеде биз адамданбыз баарыбыз, Рухту алып Ыйсада биз жаңыбыз. Өзүбүздүн акылдарга таянбай, Кудай сөзү болсун биздин дарыбыз. Күнөө жүк, моюндарга артпайлы, Кайгы-түйшүк, жүк азабын тартпайлы. Баарыбызды Кудай сонун жараткан, Асмандагы Падышаны даңктайлы, Асмандагы атабызды даңктайлы. Медет Дөөт уулу Сулайман пайгамбардын акыл насааттары Бардыгы курулай убаракерчилик. "Түйшүктүн түйшүгү", - деди Насаатчы, - түйшүктүн түйшүгү - бардыгы түйшүк. Адамга өзүнүн күн астында мээнеттенген эмгегинен эмне пайда? Бир муун өтөт, бир муун келет, жер болсо кылымдан кылымга тура берет. Күн чыгат, күн кайра батат, ал өзүнүн ордуна, чыккан жерине шашат. Шамал түштүккө согот, андан түндүккө өтөт, ал өз жолу менен тегеренип жүрүп, чыккан жерине кайтат. Дарыялардын баары деңизге барып куят, бирок деңиз ашып-ташып кетпейт, кайра агыш үчүн, дарыялар өздөрүнүн чыккан жерине кайтышат. Бардыгы эмгектенүүдө. Эч ким анны сөз менен айтып жеткире албайт. Көз көргөнүнө тойбойт, кулак укканына тойбойт. Мен күн астында жасалып жаткан иштердин баарын көрдүм, анын бардыгы - курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу! Анткени акылмандуулук көп болсо, кайгы ошончолук көп, билимин арттырган Адам кайгысын арттырат. Анткени акылдууну деле акылсыздай түбөлүккө унутушат, келечекте бардыгы унутулат. Тилекке каршы, акылдуу да акылсыз сыяктуу эле өлөт. Ошондуктан Адам күн астында эмгектенген бардык эмгегинен, жүрөгүнүн түйшөктөрүнөн эмне табат? Анткени анын бүт өмүрү - кайгы, бардык эмгеги - тынчсыздануу. Атүгүл, түн ичинде анын жүрөгү тынч албайт. Бул да курулай убаракерчилик экен! Ичип-жеп жыргоо, өз эмгегинен ыракат алуу да адамдын бийлигинде эмес. Мен бул нерсе да Кудайдын колунда экенин көрдүм. Анткени Ансыз ким ичип-жеп, ыракаттана алат? Адамга өз өмүрүндө кубануудан жана жакшылык кылуудан артык эч нерсе жок экенин түшүндүм. Эгерде Адам ичип-жеп, ар бир ишинин үзүрүн көрүп жатса, анда бул - Кудайдын белеги. Кудай жасагандын бардыгы түбөлүктүү экенин түшүндүм, ага эч нерсе кошууга да, андан эч нерсени алууга да болбойт. Кудай Өзүнөн коркуп турушу үчүн ушундай кылып жараткан. "Адил адамды да, мыйзамсыз адамды да Кудай соттойт, анткени ар бир нерсенин өз убагы бар, ал жерде ар бир иштин үстүнөн сот болот". Анткени адам баласынын үлүшү менен жаныбарлардын үлүшү бир. Адамдар өлгөндөй эле, булар да өлүшөт, бардыгы бирдей дем алат, адамдын жаныбардан эч кандай артыкчылыгы жок, анткени бардыгы - курулай убаракерчилик! Бардыгы бир жерге барат, бардыгы топурактан жаралган, бардыгы кайра топуракка айланат. Кары, бирок кеңешти кабыл алганды билбеген акылсыз падышага караганда жарды, бирок акылдуу жаш улан артык. Ал өз өлкөсүндө жарды болуп төрөлсө да, зындандан падышачылык кылганы чыгат. Кудайдын үйүнө баратканыңда, бутуңду байка, баарынан да, укканга даяр бол. Анткени бул акылсыздардын курмандык чалганына караганда жакшы, анткени алар жаман иш кылып жатканын түшүнүшпөйт. |
|