Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564janyzak@mail.ru

№3, 01.06.05-ж.РедакцияАрхив Меймансап Kok_Nuru@inbox.ru


з
  Ак Калпак

башы өткөн санда

Кыдырга кезикмейин адамдын адашканы адашкан
Адамдар ошол бийик тоону калтырып түзөң жерлерде жашай баштагандыгы жөнүндө Тоораттан окуй алабыз. Түздүктө алардын ой-пикирлери да, ишенимдери дагы төмөндөп жана тарый баштады. Алар Теңирдин көк мелжиген түбөлүктүү тоолоруна окшоштуруп бийик мунара сала башташты. Ал мунара адамзатты даңазалап, атагын алыска кетирүүгө багышталган эле. Көпчүлүк учурда адамдардын дини адамдын эле өзүн даңазалоо үчүн колдонулат. Биз сыйынганда же башка кандайдыр бир диний иштерди жасаганда Кудайга жагуунун ордуна адамдарга жагууну көбүрөөк издейбиз. Диндин мындай түрүн Кудай эч качан кабыл кылбайт (Тоорат. Башт. 11, Инжил. Матай 6, Куран 2). Пахтадан же синтетикадан жасалып, адамдарды кызыктырганы менен Акыркы Сот күнү Кудай алдында абийирибизди жаба албаган кездеме жабуу сыяктуу эле мындай жалган диндердин дагы эч бир майнабы жок. Чындыгында эле биз ыйык китептерде айтылгандай Кудайдан берилген жабууга муктажбыз.
Нухтун көзү өткөн соң бардык элдер кайрадан диникайыр болуп калышты. Адам ата дүйнөдөн кайткандан 2000 жыл убакыт өткөндөн кийин Кудай Ыбрайымды чакырып алды да, анын тукуму бүткүл дүйнө үчүн ак бата алып келээрин ага убада кылды. Тоораттын айтымында, "Теңирдин элчиси" Ыбрайымдын үйүнө келгенинде Ыбрайым улгайып калган кези экен. Анын байбичеси дагы бал төрөө курагынан алда канча өтүп калыптыр. Кыргыздар "Кыдыр Алейки Саламды" кандайча тосуп алуусу керек болсо, Ыбрайым дагы өз Теңирин дароо таанып, Анын келишин кичипейилдик менен тосуп алган экен. Кыдыр Алейки Салам Ыбрайымга ак батасын берип, ага так ошол улгайган, бала төрөбөс байбичеси аркылуу уул белек кылаарын убада кылган. (Башталыш китеби 18; Куран 11:71, 37:112). Эгерде Кыдыр Алейки Салам сизге келе турган болсо сиз дагы аны Ыбрайымдай болуп тааный алар белеңиз?

Ыбрайым жана тоодогу экинчи курмандык чалуу
Кыдыр Аллейки Саламдын Ыбрайымга берген убадасы орундалып, Ыскак пайгамбар төрөлдү. Көп өтпөй эле Кудай Ыбрайымга убада аркылуу төрөлгөн уулун тоо үстүндө курмандыкка чалууну буюрду. Ыбрайым Кудайга моюн сунуп, өз баласын курмандыкка чалу үчүн тоону көздөй бет алды. Ал баласынын буту-колун тушап бууп туруп мына бычак урмак болгондо Кудай анны токтотуп, Ыскактын ордуна кочкорду берди. Ыбрайым кара чечекей баласынын ордуна ошол кочкорду курмандыкка чалды.
Ыбрайымды сыноо менен Кудай Өзүн мыкаачы катары көргөзгүсү келдиби же адамзаттын күнөөлөрүнүн чыныгы баасын бизге сүрөттөп бергиси келдиби? Айрым аталардын айтымында, өз баласынын өлүмүн көргөнгө Караганда атанын өзү өлүүсү артык. Демек, ошол тоодогу болгон окуя аркылуу Кудай бизге өзүбүздү өзүбүз үчүн курмандыкка чалсак дагы күнөөлөрүбүздү жууп же абийирибизди жаба албообузду көрсөткөн. Кудай ырайымдуу болгондуктан жандыктын өлүмүн символ катары гана кабыл алган. Ал эми чыныгы акыйкаттык Курман Айттагы жандыктар менен багылган козулардын төгүлгөн канынан дагы кымбатыраак кандын төгүлүшүн талап кылат.
Бүткүл адамзаттын күнөөлөрүн кечирүү үчүн төгүлүүгө кимдин жаны жана канны татыктуу?

Дөөлөттүү Жакып
Жакып пайгамбар дагы Кыдыр Аллейки Саламга кезигип, укум-тукумдары бүткүл дүйнөгө ак бата алып келе тургандыгы жөнүндө андан улуу убада алган. Бүгүнкү күндө Ыйык Китепти изилдеген айрым адамдар Библиядагы (Тоорат, Забур жана Инжил) Жакып менен "Манас" дастанындагы бай Жакыптын окшоштугуна таңданышат. Жакып пайгамбар менен кыргыз эпосундагы Жакып - бир эле Адам болуусу дагы мүмкүн .
Ал окшоштуктар ушунчалык көп болгондуктан аларды бул чакан китепке батыру мүмкүн эмес. Бирок Тоораттагы да, "Манас" дастанындагы да Жакыптардын экөөнүн тең Манас аттуу уулу болгон. Эки Жакып тең мал кармаган бай көчмөндөрдөн болуп, экиден аялдары, короо-короо койлору болгон. Экөө тең бөтөн жерде кысымга алынганына карабастан куулук-шумдугу менен өз мал-мүлкүн көбөйтүшкөн. Акырында, бул дөөлөттүү Жакыптардын экөө тең өз мекендерине кайтышкан. Алар экөө тең Көкө Теңирге (Асман Теңирине) сыйынып, өз тукумдары жөнүндө улуу убадага ээ болушкан. Өз максатына жетүү үчүн алар калпты колдонгон учурлары да болгон. Биздин заманга чейинки 720-жылы Манас тукумун Ассириялыктар басып алган соң алардын изи тарых беттеринен такыр жоголгондугун Библия дагы күбөлөндүрөт. Эгерде мусулманчылыктын бардык ыйык китептерин жана "Манас" дастанын толугу менен окуп чыксаңыз бул дөөлөттүү Жакыптардын ортосундагы окшоштуктар менен шайкеш келген окуялар мындан дагы көп экендигин көрөсүз.
Кандай деп ойлойсуз, руханий байлыгы жана сырдуу калпагы келип чыгышына ушул ыйык китептер түрткү болуусу мүмкүнбү? Буга жоопту сиз качан башыңызга калпак кийип, мусулмандык парыздарыңызды толугу менен аткара баштаганда гана таба аласыз.

Жакыптын Кудайынын үйү
Кудайдын пайгамбарларынын бири мындай деген экен: "Акыркы күндөрү Теңир үйү турган тоо бардык тоолордун башына коюлат, бардык дөбөлөрдөн жогору көтөрүлөт, ага бүт элдер агып келет. Көптөгөн элдер келип: "Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге Өз жолдорун үйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз. Анткени Сиондон мыйзам чыгат, Иерусалимден Теңир Сөзү чыгат" - дешет. (Ышайа 2:2,3)
Мен калпактагы төрт кара сызыкты келечекте дүйнөнүн төрт бурчунан чогулуп Теңирдин тоосу менен Жакыптын Кудайынын боз үйүнө бет алган элдер басуучу жолдорго салыштырганымда абдан толкунданам.

Тоо чокусундагы үчүнчү жолку Кудайдын курмандыгы
Дүйнөдөгү ири диндердин бардыгында алардын оюнча Кудайды таанып, Ага жага тургандай жолдору бар. Еврейлердин 10 осуяты бар болсо, Теңирчилик дининде 7 осуят бар. Мусулмандардын 5 парызы бар болсо, христиандардын эки парызы бар. Бирок бул парыздар бизди Кудайга алып келбейт. Тескерисинче, алар биздин Кудайдан канчалык алыс экенидигибизди түшүнүүбүзгө өбөлгө түзөт. Сиз дегеле бирөөнүн бир нерсесин эч качан каалабаган еврейди кезиктирдиңиз беле? Же беш ирекет намазды өмүр бою бир дагы күн калтырбай окуган мусулманды көргөнсүзбү? А балким, Кудайды бүт жүрөгү, акыл-эси жана күч-кубаты менен сүйүп, ар бир жакынын өзүн сүйгөндөй сүйгөн христианды жолуктургандырсыз? Мен өз Динин кынтыксыз так сактаган адамды бир да жолу көрө элекмин.
Бардык диндердин осуят-парыздарын окуп олтуруп негизи өзүмдүн пенделик табиятым боюнча мен Кудайдан өтө алыс экенимди түшүндүм. Дал ушундай момундукта болгондо гана мен көктөн (асмандан) келүүчү жардамга муктаж экендигимди түшүнө баштайм. Мен Кыдыр Алейки Саламдын батасына жана менден өткөн ары такыба, ары баалуу козу курмандыгына муктажмын. Такыба болуу, же күнөөлөрүмдөн арылуу далалатында кылган бардык аракетим эч нерсеге арзыбаган "өсүмдүк тартуусу" же "убактылуу жабуу" сыяктуу. Мага ыйык курмандык менен "калпак" сыяктуу жабу (калканыч) керек.
Менин эрдемсинген жүрөгүмдү Кудайдын осуяттары жибитти да, жоошутту. Мен дагы Ыбрайым өңдөнүп "Кудайдын досу" болуп калган соң Теңир тоосуна назарымды бурдум. Ал тоо чокусунда бардык диндердин адамдарын коргой ала турган башка курмандыкты Кудай Өзү дайындап койгондугун көрдүм. Ал Өзү менен бирге түлөөнү майрамдоо үчүн бүткүл адамзатты ошол ыйык тоого чакырды.

уландысы кийинки санда



  Ыйык Китеп


Дөөт уулу Сулайман пайгамбардын акыл насааттары

Бардыгы курулай убаракерчилик.

"Түйшүктүн түйшүгү", - деди Насаатчы, - түйшүктүн түйшүгү - бардыгы түйшүк. Адамга өзүнүн күн астында мээнеттенген эмгегинен эмне пайда? Бир муун өтөт, бир муун келет, жер болсо кылымдан кылымга тура берет. Күн чыгат, күн кайра батат, ал өзүнүн ордуна, чыккан жерине шашат. Шамал түштүккө согот, андан түндүккө өтөт, ал өз жолу менен тегеренип жүрүп, чыккан жерине кайтат. Дарыялардын баары деңизге барып куят, бирок деңиз ашып-ташып кетпейт, кайра агыш үчүн, дарыялар өздөрүнүн чыккан жерине кайтышат. Бардыгы эмгектенүүдө. Эч ким анны сөз менен айтып жеткире албайт. Көз көргөнүнө тойбойт, кулак укканына тойбойт.
Мен күн астында жасалып жаткан иштердин баарын көрдүм, анын бардыгы - курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу! Анткени акылмандуулук көп болсо, кайгы ошончолук көп, билимин арттырган Адам кайгысын арттырат. Анткени акылдууну деле акылсыздай түбөлүккө унутушат, келечекте бардыгы унутулат. Тилекке каршы, акылдуу да акылсыз сыяктуу эле өлөт.
Ошондуктан Адам күн астында эмгектенген бардык эмгегинен, жүрөгүнүн түйшөктөрүнөн эмне табат? Анткени анын бүт өмүрү - кайгы, бардык эмгеги - тынчсыздануу. Атүгүл, түн ичинде анын жүрөгү тынч албайт. Бул да курулай убаракерчилик экен! Ичип-жеп жыргоо, өз эмгегинен ыракат алуу да адамдын бийлигинде эмес. Мен бул нерсе да Кудайдын колунда экенин көрдүм. Анткени Ансыз ким ичип-жеп, ыракаттана алат?
Адамга өз өмүрүндө кубануудан жана жакшылык кылуудан артык эч нерсе жок экенин түшүндүм. Эгерде Адам ичип-жеп, ар бир ишинин үзүрүн көрүп жатса, анда бул - Кудайдын белеги. Кудай жасагандын бардыгы түбөлүктүү экенин түшүндүм, ага эч нерсе кошууга да, андан эч нерсени алууга да болбойт. Кудай Өзүнөн коркуп турушу үчүн ушундай кылып жараткан.
"Адил адамды да, мыйзамсыз адамды да Кудай соттойт, анткени ар бир нерсенин өз убагы бар, ал жерде ар бир иштин үстүнөн сот болот".
Анткени адам баласынын үлүшү менен жаныбарлардын үлүшү бир. Адамдар өлгөндөй эле, булар да өлүшөт, бардыгы бирдей дем алат, адамдын жаныбардан эч кандай артыкчылыгы жок, анткени бардыгы - курулай убаракерчилик! Бардыгы бир жерге барат, бардыгы топурактан жаралган, бардыгы кайра топуракка айланат.
Кары, бирок кеңешти кабыл алганды билбеген акылсыз падышага караганда жарды, бирок акылдуу жаш улан артык. Ал өз өлкөсүндө жарды болуп төрөлсө да, зындандан падышачылык кылганы чыгат.
Кудайдын үйүнө баратканыңда, бутуңду байка, баарынан да, укканга даяр бол. Анткени бул акылсыздардын курмандык чалганына караганда жакшы, анткени алар жаман иш кылып жатканын түшүнүшпөйт.




  
Биерди бассањыз Кыргыз гезиттеринин айылына барасыз..
Биерден сиз 'Агым' айылына барасыз..

"Агымдын"
жаңы саны:




Биерден сиз 'Бишкек таймс' айылына барасыз..

"Бишкек таймстын"
жаңы саны:




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт создан в системе uCoz