Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564janyzak@mail.ru

№3, 01.06.05-ж.РедакцияАрхив Меймансап Kok_Nuru@inbox.ru


з
  ЖАКЫП уулу ЖУСУП

башы өткөн санда
Ал Мисирлик дин башчынын кызына үйлөнөт. Балким ал кыз да башка байыркы мисирлик иероглифтердеги жана сүрөттөрдөгү кыздардай сулуу, чачы узун, түз жана кара болгон чыгаар. Ошондуктан алардын баласы Манас абдан сулуу болгон болуу керек. Анткени алардын чоң энелери Сара, Ребекка, Ракыялар да сулуу болушкан.
Мына биз жогоруда Жусуп тууралуу Тоораттан жана Курандан болгон маалыматтарды карай кеттик.
Жусуп Мисирде бийлик кылып турганда, анын тун уулу төрөлүп, атын Менаше коет. Анткени Кудай анын кыйынчылыктарын унутуп, бир туугандарын кечиришин каалайт.
    "Кудай менин бардык азабымды, атамдын үйүн унуттурду", - деп, Жусуптун уулунун атын Менаше койду" (Башт. 41:51).
Бүт жер жүзүн ачарчылык каптаган кезде, Жусуптун бир туугандары эгин сатып алуу үчүн Мисирге келишти. Жусуп аларды кечирип кабыл алып, керектүү муктаждыктарын толтуруп, чоң той берет. "Ошондо Жусуп жанында тургандардын алдында өзүн кармай албай: "Менин жанымда турган адамдардын бардыгы чыксын", - деп кыйкырып жиберди. Жусуп бир туугандарына өзүнүн Ким экенин айтканда, эч Ким жок эле. Ал кату ыйлап жибергендиктен, аны мисирликтер да, фараондун үй ичи да укту. Анан Жусуп бир туугандарына: Мен Жусупмун, деги атам тирүүбү?" - деди. Бирок бир туугандары жооп Бере албай калышты, анткени алар анын алдында коркуп турушту. Ошондо Жусуп бир туугандарына: "Мага жакын келгилечи", - деди. Алар жакын келишти. Ал: "Мен Жусупмун, силердин Мисирге сатып жиберген бир тууганыңармын. Бирок азыр кайгырбагыла, мени бул жакка сатып жибергениңерге өкүнбөгүлө, анткени Кудай силердин өмүрүңөрдү сактап калыш үчүн, мени бул жакка силерден мурун жиберди" (Башт. 45:1-5).
"Жусуптун бир туугандары атасы өлгөндөн кийин: "Жусуп бизди жек көрүп калса эмне болот? Ага кылган жамандыгыбыз үчүн өч алгысы келсечи?" - дешип, Жусупка мындай деп айттырып жиберишти: "Атаң өлөөр алдында: Жусупка минтип айткыла: "Бир туугандарың сага жамандык кылышты, алардын айыбы менен күнөөсүн кечир", - деген. Эми атаңдын Кудайынын кулдарынын айыбын кечир". Бул сөздөрдү айтып жатышканда, Жусуп ыйлады. Жусуп аларга: "Коркпогула, анткени мен Кудайдан корком. Силер мага жамандык ойлодуңар эле, Кудай анны жакшылыкка айлантты. Көп сандаган адамдардын өмүрүн сактап калыш үчүн, ушуну ишке ашырды. Ошондуктан коркпогула. Мен силердин бала-бакыраңар менен кошо багам", - деди. Ошентип, Жусуп алардын көңүлүн тынчтандырып, жүрөк жылыткан сөздөрдү айтты" (Башт. 50:15-21).
Жусуптун кечиримдүү мүнөзү бизге таасирин тийгизгендей. Ошондуктан бизде: " Таш менен урганды, аш менен ур" - деген сөз бекеринен айтылбаса керек.
Жакып уулу Жусупту өзүнө чакырып, Жусуптун баласы Манаска жана Эпрайымга өзгөчө керээзин айтат.
"Ошондон кийин Жусупка: Атаң ооруп жатат", - дешти. Ошондо ал Менаше жана Эпрайым деген эки уулун алып, атасына жөнөдү. Жакыпка: "Сага уулуң Жусуп келе жатат", - деп кабарлашты. Ысрайыл бар күчүн жыйнап, төшөгүнө отурду. Анан Жакып Жусупка мындай деди: "Кудуреттүү Кудай Канаан жериндеги Лузда мага келип, батасын берген. Кудай мага: "Мен сени укум-тукумдуу кылам, сенден көптөгөн элдерди жаратам, бул жерди Сенин тукумуңа түбөлүк ээлик кылууга берем", - деген. Мисирге, сага келгениме чейин, Сенин Мисир жеринде туулган эки уулуң - Эпрайым менен Менаше эми менин уулдарым болот, Рубейин менен Шымон сыяктуу эле булар да меники болот" (Башт. 48:1-5).
Кийинчерээк Жакып көз жумат, Тооратта аны 40 күн балзамдаганы жазылат. Анан Жусуп Жакыптын сөөгүн Мисирден алып кетип, ата-бабаларынын жерине көмөт. Жусуп дагы өзүн Мисирге эмес, ата-бабаларынын жерине көмгүлө деп айтат. Буга окшогон нерсе да биздин элибиздин канында бар. "Туулган жеримдин топурагы алтын" деп, биздин кары адамдарыбыз көзү өткөндө ата-бабалары коюлган жерлерге коюну суранышат эмеспи.
Мына, урматтуу окурмандар биз сиздер менен бирге байыркы ата-бабаларыбыздын жашоосуна көңүл бурдук, чын эле ошол ата-бабалардын кылган кээ бир нерселерин же сөздөрүн унутпастан азыр да колдонуп жатабыз.

Жакып уулу Манас
"Жакып ар уруу башчыларын, жакындарын, акылман аксакалдарын атайы той артына алып калып, ар бирине тон жаап, баланы оң этегине салып, байбичесин ээрчитип ортого чыкты.
- Кагылайын агайын туугандарым! Теңирим берген уулума ат коюп бергиле, - деп Жакып тизелеп отуруп, ак тилегин суранды. Баладан чыккан нурга айбыккан апторой журт ат таппай апкарып отуруп калды. О, Теңир! Ошондо ак өргөгө жыртык жыргак тон кийген, колуна куу таяк кармаган, белине оттук ташын байлаган, бутуна чарыгын орогон аппак сакал ак күлөлүү дубана шап кирди.
- Калайык, - деди жүзүнөн жылдызы жанган календер аңкайып отургандарга жайдары карап, - ырайым этсеңер нур баланын атын мен коюп берейин. - Болсун! Кутуң оозуңда болсун, баланын атын кой, абышка - деди эл.
- Айтыш меники, сөз Теңирдики. Баланын аты Манас болсун! Улуг атына жарашкан баатыр болсун! Ар балаадан калас болсун, - деди көзүндө оту бар, олуязаада календер колундагы асасын силкилдетип, - Манас ок өтпөгөн тондуу бол! Жебе жетпеген аттуу бол! Кызыкканга кыргын сал, белсенишкен жоо болсо, белин бүктөп өчүңдү ал! Кармашкан адам оңбосун, катылган аман болбосун! Жалгыз башың көкжалым, өзүңө тете кырк болсун!
- Айтканыңа келсин. Теңирим берсин! - деп кутман эл дуу Дей түштү, күн түшкөн түндүктү карап, көк Теңирге чурулдап сыйынып киришти (Манас 17б).
Ал эми бул жөнүндө Тооратты карасак мындай: Жусуп Мисирде жүргөн кезинде үйлөнүп, уулдуу болот. Жусуп өз бир туугандарынын жамандыктарын унутуп аларды кечирип уулунун атын Манаша коет. Ал эми Тоораттагы жазуу боюнча алды менен байыркы заманда эки адамдын аттарынын окшоштуктары жөнүндө сөз кылалы. Алардын бири дүйнөгө белгилүү ыйык китепте айтылса, экинчиси дүйнөдөгү эң узун эпос Манас китебинде айтылат. "Манаша" деген сөздүн мааниси "унутуу, башкача айтканда кечирүү" дегенди билдирет.
Манастын чоң атасы Жакып небереси Манасты өз баласы кылып асырап алат. Ошентип Манас Жусуптун эмес, бирок Жакыптын баласы болуп калат. Түрк тилинде аттардын аягындагы үндүү окулбайт. Ошондуктан Манаша деген сөз Манаш болуп калат. Алтай элинде анны Алп Манаш деп аташат. Бирок "ш" тамгасы ар кандай диалектерге жараша "с" болуп окулат. Демек, Манаш менен Манастын мааниси бир. Бул кичинекей лингвистикалык өзгөрүү 3500 жылдан бери болгон. Биздин атабыз "Жакып уулу Манастын" аты ушунча жылдан бери сакталып келгени биз үчүн чоң сыймык.

уландысы кийинки санда



  Пайдалуу кеңештер

Калың кийимдерди чечип, жайдын ысыткан аптабында ар бир айым келбетинин жакшы болуусун каалайт. Бүгүн сиздерге чачтын жасалгасы тууралуу кеңеш бермекчибиз.
Туура жасалгаланган чач дайыма сиздин көркүңүзгө көрк кошуп турат. Эгерде сиздин бет түзүлүшүңүз толмочураак болсо, анда сиздин чачыңыз ийинге чейин болуусу зарыл. Атайын чачты суюлткан кайчынын жардамы менен үстүртөн кыркып койсо жакшы көрүнөт. Төбө жагын ачык түстөгү боек менен боеп, капталын, учтарын карараак боесоңуз бетиңиздин түзүлүшүн жакшы көрсөтөт.
Эгерде сиздин бетиңиздин түзүлүшү төрт чарчыраак болсо анда сизге узун челкасы менен кыскараак чач туура болот. Көбүнчө капталынан бөлүп бир жакка тараңыз. Чачыңызды өйдө көтөрүп төбөңүзгө жасалса, бул беттин түзүлүшүнө эң жакшы жарашат.
Эгерде сиздин бет түзүлүшүңүз узунураак келип чап жаак болсоңуз, анда сизге кыска чач жакшы болот. Көбүнчө кыска карелер сиздин көркүңүзгө көрк кошот.


Сабиз жашылчалардын ханышасы
Римдик жазуучулар сабизди мактап жатып өзүлөрүнүн чыгармаларында "жашылчалардын ханышасы" деген наам берген. Негизинен бул эң туура деген тыянакка келесиң, себеби башка жашылчаларга салыштырмалуу адамдын организмнде эң керектүү витаминдер сабизде көп. Мисалга алсак: С, В, В2, В6, БРР, Е, К, ошондой эле калий, кальций, йодко окшогон түрдүү витаминге бай.
Илгертен эле сабиздин согу дары экенин байкашкан. Сабизден алынган сок менен жүрөк, боор, жөтөл ооруларын айыктырышкан, ошондой эле балдар оозулуу болгондо оозун сок менен чайкаса да пайдалуу. Андыктан урматтуу окурман, азыркы витамин зарыл болуп турган учурда 1 күндө 1 сабиз сиздин ден соолугуңуз үчүн абдан пайдалуу.
Ден соолукта болуңуз.




  
Биерди бассањыз Кыргыз гезиттеринин айылына барасыз..
Биерден сиз 'Агым' айылына барасыз..

"Агымдын"
жаңы саны:




Биерден сиз 'Бишкек таймс' айылына барасыз..

"Бишкек таймстын"
жаңы саны:




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт создан в системе uCoz