![]() | Коомдук-саясый гезит Public-political newspaper | windows-98'ге кыргыз тамгасы | Компьютерди кыргызчалатабыз! Тел.: (0502) 500564 • janyzak@mail.ru №3, 01.06.05-ж. | Редакция | Архив | Меймансап | Kok_Nuru@inbox.ru | | ||||||||
Анекдоттор - Сиздин чайыңызга канча кашык шекер салайын? - Жети кашык, бирок аралаштырба мен таттууну жаман көрөм. *** Ууру бир үйгө ууруга кирип, калем саптан башка эч нерсе таба албайт да дубалга "мен билем, кандай гана жардысыңар жана байкушсуңар" - деп жазып койгон экен. *** - Эх, Джон, эгерде өмүр бою ичкиликке короткон акчам азыр кайра болсо. - Эмне кылмаксың анда сен? - Кайра ичмекмин... *** - Эки кыз тоого эс алганы барышат. Кечке маал бири айтат: - Чатырды жолдун тиги четине тигели. - Экинчиси болсо жок чатырды жолдун так ортосуна тигебиз деп болбой коет. Ошентип эртең менен ойгонушса жолдун четинде машине аласалып жатканын көрүшөт. - Экинчиси көрдүңбү чатырды жолдун четине тиккенде экөөбүздү машине басып калмак *** - Түнү бою көз ирмебей чыктым, сен коңурук тарттың, а ит болсо үрүп чыкты дейт аялы. - Анда күйөөсү: А сен эмне кааладың эле, ит коңурук тартып менин үргөнүмдүбү дептир. *** - Эмне кылсаң ошо кыл, мен сага мындан ары акча бербейм дейт атасы баласына. Сен жанагы аялга үйлөнгөндөн баштап мен үчүн өлүксүң дейт. - Анда баласы: анда өлүктү койгонго акча бер дептир. *** Күйөөсү өлгөн аял турмушка чыгат. Экинчи күйөөсү аялына нааразы болуп: - Сага сезилген жокпу менин көзүмчө көп учурда күйөөңдү мактайсың дейт. - Анда аялы: менин сүйүктүүм, эгерде сен биринчи өлгөн болсоң, мен сен жөнүндө айтмакмын дептир. Кулактандыруулар Мама, туулган күнүңүз кут болсун, өмүрүңүз узун болсун, балдарыңыздын убайын көрүңүз, карыбаңыз, жашарыңыз. Сизге кааларым, Кудайдын сүйүүсүн, жүрөгүңүзгө тынчтык каалайм деп сизди сүйгөн кыздарыңыз Салтанат, Кенжегүл, Гуля. Ардактуу айдай сулуу сиңдим Асыл , сени 17-июнь туулган күнүң менен куттуктайм. Сен бул дүйнөдө өзгөчө сулуу жана акылдуу жаралгандыгың үчүн бактылуусуң. Асмандагы Кудай Атаңдын ак батасы ар дайым сенин үстүңө жаап турсун деп Асел. (мен сени сүйөм) Ребекка, бир тууганым туулган күнүң Төрөлдүң бул жарыкка мына бүгүн Каалаганың орундалып, бата болсун Жараткандын жүрөгүңө Руху толсун эжең Рахиль Кымбаттуу Рысбек байке, сизди 13-июль туулган күнүңүз менен куттуктайбыз. Сизге Кудайдын ак батасы тийсин жана өмүр бою анын ырайымы коштоп жүрсүн. Биз сизди жакшы көрөбүз деп биздин коллектив. Кымбаттуу Ата, сизди келе жаткан туулган күнүңүз менен куттуктайбыз, сизге чың денсоолук, кажыбас кайрат, өмүрүңүзгө өмүр кошулсун жана балдар, кыздарыңыздын сый урматына ээ болуп жүрө беришиңизге тилектешпиз деп уулуңуз Шаршенбек кыздарыңыз Гүлмира, Илина. Жаралдыңыз узак жыл өттү, Чоңойуп балдарыңыз эр жетти. Жашооңдун баарын бизге арнап, Биз үчүн эмгек тер кетти. Балдардын көрүп убайын, Бактылуу карылык болсун ылайым, Батасы коштоп Кудайдын, Ынтымак болсун ар дайым. Урматтуу Гульмира, сени 29 да болуп өткөн туулган күнүң менен куттуктайм. Сага чың денсоолук, узун өмүр, иштериңе ийгилик жана Манас университетине өтүп кетишиңди каалайм деп досуң Нурик КОШ КЕЛИҢИЗДЕР И. Арабаев атындагы Дүйнөлүк тилдер Институтунун Лингвистика жана жаңы информациялык технологиялар факультети 2005-2006 абутиренттерди кабыл алат. Билим - өмүргө жол |
|